ЭАУнун “КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫРГЫЗСТАН ЭЛИНИН УЛУУ ТҮШҮНҮГҮ!” АТТУУ КООМДУК-МАДАНИЙ ИШ-ЧАРАСЫ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун “Кыргыз тили – Кыргызстан элинин улуу түшүнүгү!” аттуу коомдук-маданий иш-чарасы жөнүндө

 

Үстүбүздөгү жылдын 23-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүн татыктуу белгилөө максатында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университтин жыйындар залында “Кыргыз жараны” Кыргыз Республикасынын жарандарынын өзүн таануу концепциясын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-майындагы ПЖ № 157 “Улуттук нарк жөнүндө” жарлыгын жүзөгө ашыруу иш-чараларынын алкагында “Кыргыз тили – Кыргызстан элинин улуу түшүнүгү!” урааны менен атайын коомдук-маданий иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын программасына ылайык окуу жайдын профессор-окутуучулар курамынын жана студенттеринин назарына тема боюнча улуттук ырлар, жөрөлгөлөр, тарыхый окуяларды сахналаштыруулар, улуттук бийлер, тематика боюнча видео көрсөтүүлөр тартууланды. Уюштуруу тобунда Маданий-эстетикалык борбордун директору Мухтар Гайымов, Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институнун мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасынын башчысы фил.и.к., доц. Динара Алтаева, философия жана табигый илимдер кафедрасынын башчысы т.и.к., доц. Нуржамал Мырзабаева, Гуманитардык-экономикалык колледждин жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасынын башчысы Топчубай уулу Замир, Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасынын башчысы фил.и.к., проф. Элмира Хурибаева, Эл аралык Медициналык колледждин директорунун орун басары Казыбек Сулайманов окутуучулар жамааттары жана студенттери менен бирге болушту. Иш-чара бардыгынын купулуна толуп, ректораттан уюштуруучуларга бир топ ыраазычылыктар, мактоолор айтылды.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *