Вс. Фев 5th, 2023

ЭАУнун ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

 

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университет (ЭАУ, Жалал-Абад) бир катар жалпы маалымат каражаттарынын “Жыл лидери” версиясында коомчулукту сурамжылоосу боюнча “2022-жылдын мыкты университети” номинациясында чөлкөм боюнча мыкты жогорку окуу жай деп аныкталды. Аталган сыйлык Жалал-Абад шаарындагы “Ак-Бата Гранд” ресторанында чөлкөмдүн мыкты ишканаларынын, уюм-мекемелеринин, чакан жана орто ишкердик өкүлдөрүнүн катышуусундагы салтанатта берилди. ЭАУнун ректоратын, профессор-окутуучулар курамын жана студенттерин айтылган сыйлык менен куттуктайбыз, илим-билим жаатында жаңы ийгиликтерди каалайбыз! Ушул эле жылдын 16-декабрында Жалал-Абад областтык кесиптик кошуундар биримдигигинин волейбол боюнча мелдешинде ЭАунун кызматкерлеринин эркектер жана аялдар курама командалары, экөө тең, I орундарды ээлешти. ЭАУнун спортсмен агай-эжекелерин куттуктайбыз жана студент жаштар арасында сергек жашоо ыңгайын жайылтууда албан-албан ийгиликтерди каалайбыз! 12-декабрда ЭАУ жана Москва каржы-юридикалык академиясы (МКЮА) кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюшту. ЭАУ жана МКЮА ректораттары узак жана жемиштүү кызматташууга ниеттенишүүдө.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

________________________________________

 

НОВОСТИ МНУ

 

18 декабря этого года Международный университет имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) был признан лучшим по региону в номинации «Лучший университет 2022 года» при опросе, проведенного группой СМИ по версии «Лидер года». Вручение состоялось в ресторане «Ак-Бата Гранд» г. Жалал-Абад, где присутствовали ряд лучших предприятий, организаций и учреждений, представители малого и среднего бизнеса. Поздравляем ректорат и профессорско-преподавательский состав, студентов МНУ с названной наградой, желаем новых высоких побед в научно-образовательной деятельности! 16 декабря этого же года состоялось первенство Жалал-Абадского областного профессионального союза по волейболу среди организаций и учреждений области. Мужская и женская сборные команды сотрудников МНУ, то есть обе команды вуза, заняли I места. Поздравляем спортсменов МНУ и желаем им новых спортивных побед, успехов в пропаганде здорового образа жизни среди студенческой молодежи! 12 декабря МНУ подписало соглашение о сотрудничестве с Московской финансово-юридической академии (МФЮА). Ректораты МНУ и МФЮА надеются на долгосрочное и плодотворное сотрудничество.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

от admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *