“МАНАС” – ЭЛДИК МУРАС!” ЖУМАЛЫГЫ ЖӨНҮНДӨ

 

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) үстүбүздөгү жылдын 25-апрелинде жана 27-апрелинде ”Манас” – элдик мурас!” жумалыгынын алкагында төмөнкү иш-чаралар өткөрүлдү: 1) ЭАУнун Борбордук китепканасында “Манас” дастанына арналган басылмалардын көргөзмөсү; 2) ЭАУнун Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борборунда филология жана тарых боюнча илимпоздордун катышуусунда ”Манас” – элдик мурас!” аттуу тегерек стол; 3) ЭАУнун жыйындар залында студенттердин “Манас” дастаны боюнча интеллектуалдык таймаш. Жогоруда аталган иш-чаралар ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институту, мамлекеттик жана расмий тилдер кафедрасы, философия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулган. Иш-чараларга катышкандардын жана меймандардын пикири боюнча бардык иш-чаралар абдан мазмундуу жана кызыктуу болду.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *