ЭАУнун ЧИРЧИК МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун ЧИРЧИК МАМЛЕКЕТТИК ПЕДАГОГИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ МЕНЕН КЫЗМАТТАШУУСУ ЖӨНҮНДӨ

 

Үстүбүздөгү жылдын 24-25-апрель күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Аба шаары) профессор-окутуучулар курамы (тарых.и.к., проф. Ж.А. Дүйшеев, саяс.и.к., доц. А.С. Калиев, окутуучулар К. Досалиева, С.С. Кушбакова ж.б.) Өзбекстан Республикасынын Чирчик мамлекеттик педагогикалык университетинде  өткөрүлгөн “Санариптик коомдо адам капиталын өнүктүрүү: мүмкүнчүлүктөрү жана келечеги» аттуу эл аралык илимий-практикалык конференцияга жигердүү катышып келишти. Муну менен бирге, академиялык мобилдүүлүк алкагында аталган жогорку окуу жайда бир катар сабактар боюнча лекцияларды окуп, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери менен илим-билим маселелери боюнча пикир алмашышты. ЭАУ учурда Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен активдүү кызматташып, илим-билим жаатында эки мамлекеттин достугун жигердүү бекемдөөдө.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *