ЭАУнун студенттеринин “Кыргызстандын мыкты студенти – 2022” сынагындагы ийгиликтери жөнүндө

 

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Эл аралык медициналык колледжинин “Фармация” адистиги боюнча I курсунун студенттери Рысбеков Нурбек жана Эраалыев Айтеңир “Кыргызстандын мыкты студенти – 2022” аттуу билим сынагына катышышты. Бул сынак 8-9-ноябрь күндөрү Бишкек шаарында өткөрүлгөн, сынактын уюштуруучусу Кыргыз Республикасынын Маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги. ЭАУнун аты аталган студенттери сынактын жыйынтыктары боюнча I даражадагы дипломдор жана “Кыргызстандын эң мыкты студенти” төш белгилери менен сыйланышты. Нурбек менен Айтеңирди чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан ары да албан-албан ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз! ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин окутуучулары К.А. Сулаймановго жана З.С. Тухтакуловага студенттерибизди ушул сынакка сапаттуу даярдаганы үчүн өзгөчө ыраазычылык!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

________________________________________

 

Об успехах студентов МНУ на конкурсе «Лучший студент Кыргызстана – 2022»

 

Студенты I курса по специальности «Фармация» Международного медицинского колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Рысбеков Нурбек и Эраалыев Айтенир приняли участие в образовательном конкурсе «Лучший студент Кыргызстана – 2022», проведенного 8-9 ноября сего года в г. Бишкек. Конкурс был организован Министерством информации, спорта и молодежной политики Кыргызской Республики. По результатам этого конкурса названные студенты МНУ были награждены дипломами I степени и нагрудными знаками «Лучший студент Кыргызстана». Поздравляем наших студентов с этой победой и желаем им новых высоких успехов в учебе! Особая благодарность преподавателям Международного медицинского колледжа МНУ К.А. Суйлайманову и З.С. Тухтакуловой, которые готовили Нурбека и Айтенира к этому конкурсу!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *