ЭАУнун залкар акын Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгы боюнча конок лекциясы жана чыгармачылыгынын көргөзмөсү жөнүндө

 

Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында залкар кыргыз акыны Барпы Алыкуловдун 140 жылдыгына арналган иш-чаралар алкагында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин педагогика кафедрасы, башчысы проф. Д.К. Сулайманова, “Педагогика” багытында билим алган студенттер үчүн “Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгы жана төкмөлүк өнөрдүн касиети” темасында конок лекция уюштуруп, конок лекцияны өткөрүүгө Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун Жалал-Абад областтык бөлүмүнүн төрайымы, “Бактынур” продюссердик борборунун директору, акын-жазуучу, обончу, Койчуманова Нуркан чакырылган. Конок лекция абдан кызыктуу жана мазмундуу болуп, студенттердин купулуна толду. Нуркан эжекеге чоң рахмат!

Кошумча маалымат: ЭАУнун Борбордук китепканаында 23 сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө жана Барпы Алыкуловдун чыгармачылыгына арналып китептер, атайын басылмалар көргөзмөсү уюштурулду. Эскертүү: 23-сентябрь күнү ЭАУнун чоң жыйындар залында кыргыз тилинин мамлекеттик тил макамын алганыдыгынын 35 жылдыгына арналган майрамдык салтанат өткөрүлөт. Кош келиңиздер!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *