В МНУ ОТКРЫЛИ НОВЫЙ КРЫТЫЙ СПОРТИВНЫЙ КОМПЛЕКС

 

3 ноября этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось торжественнее открытие нового крытого спортивного комплекса. В торжественном открытии были приглашены полномочный представитель Президента Кыргызской Республики в Жалал-Абадской области А.Т. Сыргабаев, мэр города Жалал-Абад Э.А. Ормоков, руководители образовательных и спортивных учреждений, средств массовой информации, в т.ч. начальник Жалал-Абадского областного управления по делам молодежи, физической культуре и спорту А.К. Капаров, генеральный директор Жалал-Абадского областного медиа-центра С.А. Абдурасулов. Торжественное открытие началось с парада спортивных команд вуза, после чего с поздравительными речами выступили хозяева и гости торжества. Далее была представлена небольшая концертная программа. После официальной части начались показательные матчи спортивных команд университета по мини футболу и волейболу. Новый крытый спорткомплекс МНУ имеет площадки для мини футбола, волейбола с искусственным покрытием, комфортные трибуны для зрителей, раздевалки, душевые комнаты, что свидетельствует о хороших условиях для занятий спортом, для проведения соответствующих соревнований. Комплекс будет эксплуатироваться кафедрой физической культуры и спорта, спортивным клубом «Ден соолук» («Здоровье») МНУ. Строительство этого крытого спорткомплекса началось в конце 2019 года и завершилось сейчас, общая площадь 1125 кв.м. Можно сказать, что с открытием этого комплекса появился еще один хороший объект в спортивной инфраструктуре г. Жалал-Абад, обеспечивающий здоровый и полезный досуг студенческой молодежи.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

________________________________

 

ЭАУда ЧАТЫРЛУУ ЖАҢЫ СПОРТТУК КОМПЛЕКС АЧЫЛДЫ!

 

Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жаңы чатырлуу комплекстин салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Бул салтанаттуу ачылышка Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Сыргабаев, Жалал-Абад шаарынын мэри Э.А. Ормоков, о.э. бир катар билим берүү жана спорт уюм-мекемелеринин, жалпы массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери чакырылган, анын ичинде Жалал-Абад областынын жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башчысы А.К. Капаров, Жалал-Абад областтык медиа-борборунун башкы директору С.А. Абдурасулов. Салтанат университеттин спорттук командаларынын парады менен башталды, андан кийин окуу жайдын жетекчилиги жана чакырылган меймандар куттуктоо сөздөрүн айтышты, чакан концерттик программа тартууланды. Расмий бөлүктөн кийин университеттин мини футбол жана волейбол командаларынын көрсөтмө мелдештери өткөрүлдү. Жаңы спорттук комплексте жасалма төшөлмөлүү мини футбол жана волейбол аянттары, көрүүчүлөр үчүн ыңгайлуу орундуктар, кийим алмаштыруучу жана чайкануучу бөлмөлөр бар. Эми бул жерде спорт менен машыгуу, тийиштүү спорттук мелдештерди өткөрүү үчүн жетиштүү шарттар түзүлдү десек болот. Бул комплексти окуу жайдын дене тарбия жана спорт кафедрасы, “Ден соолук” спорт клубу пайдаланмакчы. Спорт комплексинин курулушу 2019-жылы башталып, эми пайдаланууга берилүүдө, жалпы аянты 1125 чарчы метр. Ушул спорт комплекстин ачылышы менен Жалал-Абад шаарынын спорттук инфраструктурасында жаштардын ден соолугун чыңдоо, бош убактысын пайдалуу өткөрүү үчүн дагы бир жакшы түзүлүш пайда болду десек абдан туура болот.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар борбору

 

 

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *