АДАМ УКУКТАРЫ БОЮНЧА ЭАУнун ЮРИДИКАЛЫК КАФЕДРАЛАРЫНЫН ИШ-ЧАРАЛАРЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 5-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында Адам укуктарынын жалпы декларациясынын күнүнө карата “Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 76 жылдыгы, анын азыркы абалы жана келечеги” аттуу тегерек стол өткөрүлдү. Иш-чара ЭАУнун юридикалык кафедралары тарабынан уюштурулуп, ага Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын улук инспектору, милиция капитаны Самара Кыдырова, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мухтар Сабиров бир катар кесиптештери менен чакырылган. Тегерек столдо адам укуктары маселелери менен бирге жарандык милдеттер, жаштар арасында укук бузуулардын алдын алуу, зордук-зомбулуктарды, баңги заттарды колдонууну, сойкулукту болтурбоо сыяктуу маселелер да каралды. Тегерек столдо профессор-окутуучулар курамынын, укук коргоо органдарынын жана уюм-мекемелеринин, студенттердин билдирүүлөрү угулуп, фото-видео материалдар көрсөтүлүп, көйгөйлүү маселелер талкууга алынды. Ушул эле иш-чаранын алкагында дубал гезиттеринин көргөзмөсү, бир катар сынактар уюштурулган. Соңунда иш-чарага активдүү катышкан студенттер атайын сыйлыктар менен сыйланды. Кошумчалап кетсек, ЭАУда 4-декабрда “Адам укуктары! Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү декадасы” иш-чарасынын алкагында Жалал-Абад областтык юстиция башкарамалыгынын Юридикалык жардам кызматынын башчысы Акбар Эрматовдун юридикалык жардам, кызмат көрсөтүү темасында абдан мазмундуу сереп лекциясы да болуп өттү. Жалпысынын жогоруда аталган иш-чаралар мыкты уюштулуруп, ректораттын жана катышуучулардын алкыштарына арзыды.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы