ЭАУда КӨРКӨМ ОКУУ ЧЕБЕРИ ӨЗГӨРҮШ АБАКИРОВ МЕНЕН ПОЭЗИЯ КЕЧЕСИ БОЛУП ӨТТҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) чоң жыйындар залында Кыргыз Республикасында бүгүнкү күндө абдан таанымал болуп жаткан көркөм окуунун чебери, телекөрсөтүү жана радио диктору Өзгөрүш Абакиров менен поэзия кечеси болуп өттү. Аталган поэзия кечесине абдан көп студенттер, агай-эжекелер келип, Өзгөрүш Абакировдун көркөм окуудагы чыныгы чеберчилигине күбө болушту. Кечеге катышкан агай-эжекелер жана студенттер Өзгөрүш Абакировго окуу жайга мейман болуп келгендиги үчүн терең ыраазчылык билдирип, дүркүрөгөн кол чабуулар менен тосуп, ошол эле дүркүрөгөн кол чабуулар менен узатышты. ЭАУ ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери атынан Өзгөрүш Абакировго чоң рахмат! Кечени жаштар арасында ишкердикти өнүктүрүүчү “Энактас” уюмунун  ЭАУдагы командасы уюштурду.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *