ЭАУ МАГИСТРАНТЫНЫН СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) «Юриспруденция» багыты боюнча магистранты Нурадин Рустамбек уулу Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында 2023-жылдын 19-31-августунда өткөрүлгөн Университеттик спорттун эл аралык фестивалында бокс боюнча 71 кг салмак даражасында I орунду ээледи.. Нурадин Рустамбек уулун жогорку спорттук жеңиши менен куттуктайбыз жана жаңы спорттук ийгиликтерди каалайбыз! Аталган спорттук фестивалга КМШ өлкөлөрүнүн, БРИКС өлкөлөрүнүн жана Шанхай кызматташтык уюмунун спортчулары катышты. Алгач Екатеринбургда XXXII Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиаданы өткөрүү пландаштырылган, бирок ал FISU (Университеттик спорттун эл аралык федерациясы) тарабынан Россиянын Украинадагы согуштук аракеттеринин себеби менен белгисиз убакытка калтырылган болчу.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы
_______________________________________
О спортивных успехах магистранта МНУ
Магистрант по направлению «Юриспруденция» Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) Нурадин Рустамбек уулу занял I место по боксу в весовой категории 71 кг на Международном фестивале университетского спорта, проведенного в городе Екатеринбург Российской Федерации 19-31 августа 2023 года. В названном спортивном фестивале приняли участие спортсмены из стран СНГ, стран участниц БРИКС и Шанхайской организации сотрудничества. Поздравляем Нурадина Рустамбек уулу с высокой спортивной победой и желаем новых спортивных успехов! Изначально в Екатеринбурге планировалось провести XXXII Всемирную летнюю универсиаду, но она была отложена FISU (Международная Федерация университетского спорта) на неопределённое время из-за военных действий России в Украине.
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ