ЭАУнун МЕКТЕПТИН БҮТҮРҮҮЧҮ КЛАССТАРЫНЫН ОКУУЧУЛАРЫНА КЕСИПТИК БАГЫТ БЕРҮҮ АЛКАГЫНДА ТАЛАПКЕРЛЕРДИН КЫЗЫГУУСУН АРТТЫРУУСУ ЖӨНҮНДӨ
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас ш.) ректораты тарабынан үстүбүздөгү жылдын 16-мартында Жалал-Абад областынын мектептеринин бүтүрүүчү класстарынын окуучулары арасындагы предметтик олимпиаданын жыйынтыктоосунда байгелүү орундарга жетишкен окуучуларга мектепти аяктагандан кийин, жалпы республикалык тестирлөөнүң ийгиликтүү жыйынтыгы менен ушул окуу жайды тандаган учурда 1 жылдык окуу акысынан 1-орунду ээлеген окуучуларга 100 %, 2-орунду ээлегендерге 50 %, 3-орунду ээлегендерге 30 % көлөмүндө окуу акысынан жеңилдик берүү сертификаттары тапшырылды. ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөеванын айтуусунда ЭАУ ректораты ушундай иш-чараларды колдоо аркылуу мыкты талапкерлердин окуу жайга келүүсүнө шарт түзүп, кызыгуусун арттырат. Аталган олимпиадынын жыйынтыктоосунда Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев байгелүү орундарга
ээ болгон окуучуларга сыйлыктарды өзү тапшырды.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы






