ЭАУда «Ааламдашуу жана санариптештирүү шарттарында адам укуктарынын өнүгүү багыттары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) «Ааламдашуу жана санариптештирүү шарттарында адам укуктарынын өнүгүү багыттары” аттуу илимий-практикалык конференция өткөрүлдү. Аталган конференция гибриддик формада өткөрүлдү: онлайн жана офлайн тартиптеринде, студенттердин активдүү катышуусунда. Жалпысынан конференцияга Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Өзбекстан  мамлекеттеринин жогорку окуу жайларынын профессор-окутуучулар курамынын жана студенттеринин өкүлдөрү, бир катар тармактардан адистер, коомдук бирикмелердин, ар кандай коргоо уюмдардын жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү болуп, 156 катышуучу катталган. Конференциянын иши тарых-юридика илимдеринин, маалыматтык технологиялар жана математика илимдеринин, коомдук-гуманитардык илимдер, социалдык-экономикалык илимдер, табигый жана медициналык илимдер секцияларында жүргүзүлдү. Бул конференцияда ааламдашуунун жана санариптештирүүнүн шарттарында адам укуктарын бир катар багыттарда, чөйрөлөрдө, ишмердиктерде коргоо маселелери кылдат каралды. Жалпысынан конференция тийиштүү деңгээлде уюштурулуп, өз максаттарына жетти десек болот. Конференцияда каралган маселелер, макалалар “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдык журналда басылып чыкмакчы. Конференцияны ЭАУнун Илимий изилдөөлөр, иштелмелер жана инновациялар борбору, юридикалык багыттагы кафедралар уюштурушкан.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

_______________________________________

 

В МНУ проведена международная научно-практическая конференция на тему «Тенденции развития прав человека в условиях глобализации и цифровизации»

 

6 декабря этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) была проведена международная научно-практическая конференция на тему «Тенденции развития прав человека в условиях глобализации и цифровизации». Названная конференция проводилась в гибридной форме: онлайн и офлайн режимах, с активным привлечением студентов. Всего в работе конференции приняло участие 156 человек из профессорско-преподавательского состава вузов, специалистов различных отраслей и сфер, студентов и различных общественных объединений, правозащитных организаций и правоохранительных органов Кыргызстана, Турции, Казахстана, Узбекистана. Работа конференции велась в секциях историко-юридических наук, информационных технологий и математических наук, общественно-гуманитарных наук, социально-экономических наук, естественных и медицинских наук. На конференции были рассмотрены актуальные вопросы соблюдения прав человека в условиях активных процессов глобализации и интенсивной цифровизации. Участники данного научного мероприятия обсудили тему и предмет конференции, внесли ряд предложений по усовершенствованию и продвижению защиты прав человека в различных деятельностях и условиях современности. В целом конференция прошла на должном организационном уровне, реализовала свои цели, материалы конференции будут изложены в научно-популярном журнале «Вестник Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова». Конференция была организована Центром научных исследований, разработок и инноваций МНУ, а также юридическими кафедрами МНУ.

 

Служба по профориентационной работе и связям с с общественностью МНУ

 

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *