ЭАУнун студенттеринин жыл башындагы ийгиликтери жөнүндө
2025-жылдын 27-январында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Алыш (бел боо) күрөшү боюнча чемпионаты аяктады. Аталган мелдеште К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (Жалал-Абад шаары, ЭАУ) студенттери алтын медалдарга ээ болушту, алар: ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун “Педагогика” багыты боюнча 4-курсунун студенти Курстанбек кызы Феруза – 75 кг салмагында, ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистиги боюнча 2-курсунун студенти Кожоярова Мадина – 55 кг салмагында. Аты аталган студент кыздарыбызды ири спорттук жеңиши менен куттуктайбыз, мындан да жогору жаңы спорттук ийгиликтерди каалайбыз!
ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасы
__________
Об успехах студентов МНУ в начале года
27 января 2025 года в городе Бишкек завершился Чемпионат Кыргызской Республики по борьбе на поясах. В названном первенстве золотые медали завоевали следующие студенты Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (г. Жалал-Абад, МНУ): студентка 4 курса по направлению “Педагогика” Института непрерывного открытого образования МНУ Курстанбек кызы Феруза — в весе 75 кг, студентка 2 курса по специальности “Преподавание в начальных классах” Гуманитарно-экономического колледжа МНУ Мадина Кожоярова — в весе 55 кг. Поздравляем наших студенток с высокой спортивной победой, желаем им новых спортивных успехов!
Кафедра физической культуры и спорта МНУ