В МНУ СОСТОЯЛОСЬ ТОРЖЕСТВЕНННОЕ ЗАКРЫТИЕ СПАРТАКИАДЫ СРЕДИ ПРОФЕССОРСКО-ПРЕПОДАВАТЕЛЬСКОГО СОСТАВА И СОТРУДНИКОВ

Как мы уже сообщали, 23-27 января сего года в Международном университете им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) проводилась спартакиада профессорско-преподавательского состава и сотрудников. Спартакиада проводилась по нескольким видам спорта: волейбол, баскетбол, настольный теннис, шахматы, перетягивание каната, гиревой спорт, эстафета, тогуз коргоол (национальная настольная игра) и бильярд. Весь дружный коллектив МНУ в эти дни активно участвовал во всех спортивных состязаниях, активно болел за свои команды. В результате честного соперничества определились команды победители, это сборная Международного Медицинского колледжа — 1-е место, сборная Административно-управленческого аппарата — 2-е место, сборная Института непрерывного открытого образования — 3-е место, а также наиболее лучшие игроки, активные участники. Спартакиада завершилась торжественным закрытием, где состоялось награждение команд-победительниц и лучших спортсменов. Лучшие спортсмены будут участвовать в аналогичных республиканских соревнованиях. Благодарим участников спартакиады за активность и за наглядную пропаганду здорового образа жизни!

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ
__________________

ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ ЖАБЫЛДЫ

Үстүбүздөгү жылдын 23-27-январь күндөрү, буга чейин маалымдагандай, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин спартакиадасы өткөрүлүп жатты. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлдү: волейбол, баскетбол, стол тенниси, чатыраш, аркан тартышуу, гиря көтөрүү, эстафета, тогуз коргоол жана бильярд. ЭАУнун ынтымактуу жамааты бул күндөрү спорттук мелдештерге активдүү катышып, өз командаларына кызуу күйөрман болушту. Акыйкат атаандаштыкта байгелүү орундарга татыктуу командалар жана мыкты спортмсендер аныкталды. 1-орунду Эл аралык Медициналык колледждин курама командасы, 2-орунду Административдик башкаруу аппаратынын курама командасы, 3-орунду Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун курама командасы ээледи. Спартакиаданын жабылышы салтанаттуу түрдө болуп, байгелүү орундарга ээ болгон командаларга жана мыкты спортсмендерге сыйлыктар берилди. Мыкты спортсмендер ушундай мүнөздөгү республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышат. Спартакиаданын катышуучуларына активдүүлүгү жана сергек жашоо ыңгайын алгылыктуу үгүттөөсү үчүн ыраазычылык билдиребиз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *