ЭАУ СТУДЕНТТЕРИНИН ЖАНА ЭМГЕК ЖАМААТЫНЫН КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАТКЕН ОБЛАСТЫНА ТАЖИКСТАН АСКЕРЛЕРИНИН КУРАЛЧАН КОЛ САЛУУСУНАН ЖАПА ЧЕККЕНДЕРГЕ ЖАРДАМЫ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУ студенттеринин жана эмгек жамаатынын кыргыз республикасынын Баткен областына Тажикстан аскерлеринин куралчан кол салуусунан  жапа чеккендерге жардамы жөнүндө

 

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун “Юриспруденция” багыты боюнча күндүзгү окуудагы II курсунун студенттери Арапов Шамурат жана Маматов Мирлан башында турган демилгелүү топ 2022-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Баткен областына Тажикстан аскерлеринин куралчан кол салуусунан  жапа чеккендерге гуманитардык жардам катары 10 миң 861 сом чогултуп, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты алдында түзүлгөн гуманитардык жардам боюнча штабдын өкүлдөрүнө  №9 катар санында каттоо менен тапшырышты. Бул жардамдын баштапкысы гана. Мындан сырткары, К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин эмгек жамааты ушул эле күнү бир күндүк эмгек акыларын 200 миң сомдон ашык көлөмдө которуу тууралуу бир добуштан чечим кабыл алышты. Мекендештерге жардамынан аянбаган ЭАУнун студенттерине жана эмгек жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз! Күч биримдикте!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар боюнча кызматы

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *