В МНУ провели студенческую научно-практическую конференцию на тему «Значение гор в жизнедеятельности кыргызстанцев»

 

28 октября сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялась студенческая научно-практическая конференция на тему «Значение гор в жизнедеятельности кыргызстанцев», организованное кафедрой философии и естественнонаучных дисциплин в рамках мероприятий 2022 года – Года защиты экосистем гор и устойчивости климата в Кыргызской Республике в соответствии с Указом Президента КР С.Н. Жапарова  УП №17 от 31 января 2022 года, а также мероприятий 2022 года – Международного года устойчивого горного развития в соответствии с резолюцией 76-й сессии  Генеральной Ассамблеи ООН от 16 декабря 2021 года. Согласно теме на конференции были рассмотрены и обсуждены следующие вопросы: «Роль гор в развитии экономики и туризма Кыргызстана», «Роль и место гор в экосистеме Кыргызстана», «Горы и кочевая культура кыргызов», «Климатические процессы и их влияние на горные системы Кыргызстана» и др. В целом был рассмотрен широкий круг экономических, экологических и этнографических вопросов. Материалы конференции будут изданы в научно-популярном журнале вуза «Вестник Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова». По окончании конференции была представлена небольшая концертная программа. По мнению студентов и магистрантов конференция прошла на высоком организационном уровне и была весьма интересной в научном плане.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

_______________________________

 

ЭАУда “кыргызстандыктардын турмуш-тиричилигиндеги Тоолордун мааниси” аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү

 

Үстүбүздөгү жылдын 28-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) чоң жыйындар залында “Кыргызстандыктардын турмуш-тиричилигиндеги тоолордун мааниси” аттуу студенттердин илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү. Коомчулукка маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун 2022-жылдын 31-январындагы ПЖ №17 жарлыгына ылайык 2022-жыл — Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланган, ал эми БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 2021-жылдын 16-декабрындагы 76-сессиясында кабыл алынган резолюциясына ылайык 2022-жыл – Тоолордун туруктуу өнүгүүсүнүн эл аралык жылы деп жарыяланган. Аталган конференция ушул жарлык менен резолюцияга ылайык иш-чаралар алкагында ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасы тарабынан уюштурулган. Конференцияда аталышына ылайык төмөнкү маселелер каралды, алар: “Кыргызстандын экономикасынын жана туризминин өнүгүүсүндөгү тоолордун ролу”, “Тоолордун Кыргызстандын экосистемасындагы ролу жана орду”, “Тоолор жана кыргыздардын көчмөн маданияты”, “Климаттык жараяндардын Кыргызстандын тоолор тутумуна болгон таасири” ж.б. Жалпысынан бул конференцияда бир катар олуттуу экономикалык, экологиялык жана этнографиялык маселелер каралды. Конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналда жарыяланат. Конференциянын соңунда чакан концерттик программа тартууланды. Конференцияга катышкан студенттердин жана магистранттардын пикири боюнча бул илимий иш-чара жогорку деңгээлде уюштурулуп, илимий мазмунда абдан кызыктуу болду.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

 

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *