В МНУ СОСТОЯЛОСЬ ЗАКРЫТИЕ ОСЕННЕЙ СТУДЕНЧЕСКОЙ СПАРТАКИАДЫ!

 

21 октября сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялось закрытие осенней студенческой спартакиады, которая проводилась в спорткомплексе вуза с 17 по 21 октября. Спартакиада проводилась по таким видам спорта, как волейбол, баскетбол, стритбол, мини футбол, настольный теннис, шахматы, тогуз коргоол (национальная настольная интеллектуальная игра на доске), легкая атлетика, перетягивание каната. Названная спартакиада прошла в лучших спортивных традициях МНУ. В дни спартакиады в МНУ царил праздник спорта, командного духа, братства и сплоченности, в то же время честного соперничества между сборными командами подразделений университета. На торжественном подведении итогов спартакиады руководство МНУ поздравило всех участников спартакиады с их спортивными успехами по вышеназванным видам спорта, а также в общекомандном зачете. В общекомандном зачете первое место заняла студенческая сборная команда Международного медицинского колледжа МНУ, второе место заняла сборная Гуманитарно-экономического колледжа МНУ, третье место заняла сборная Института непрерывного открытого образования МНУ, вместе с этим была отмечена большая активность и воля к победе со стороны студенческой сборной команды Международного Кыргызско-Турецкого института и Международного Кыргызско-Турецкого колледжа МНУ. Победители и участники спартакиады были награждены кубком спартакиады, дипломами трех степеней и денежными наградами.  В целом победу одержали спорт, здоровье и дружба!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

__________________________________________

 

ЭАУнун КҮЗГҮ СТУДЕНТТИК СПАРТАКИАДАСЫ СОҢУНА ЧЫКТЫ!

 

Үстүбүздөгү жылдын 21-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) күзгү студенттик спартакиада аягына чыгып, салтанаттуу түрдө жыйынтыктары чыгарылды. Спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча 17-21-октябрь күндөрү өткөрүлгөн: волейбол, баскетбол, стритбол, мини футбол, стол тенниси, чатыраш, тогуз коргоол, жеңил атлетика, аркан тартышуу. Бул күндөрү ЭАУда шаңдуу спорт майрамы болуп, командалар арасында кызуу атаандашуулар өкүм сүрүп, чыныгы командалык достук чыңалды. Спартакиаданын соңунда ЭАУнун жетекчилиги бардык катышуучуларды жогоруда аталган спорттун түрлөрү боюнча ийгиликтери жана жалпы командалык ийгиликтери менен куттуктады. Жалпы командалык эсепте 1-орунду ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин студенттик курама командасы ээледи, 2-орунга ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин командасы жетишип, 3-орун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун командасына ыйгарылды. Муну менен бирге спартакиадага активдүү катышкан ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун жана Эл аралык Кыргыз-Түрк колледжинин студенттик курама командасынын зор аракеттери, жеңишке болгон күчтүү эрки да өзгөчө белгиленди. Спартакиаданын жеңүүүлөрү жана катышуучулары спартакиаданын кубогу, үч даражадагы дипломдору жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Жалпысынан спорт, ден соолук жана достук биргеликте жеңишке ээ болушту!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы

 

 

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *