ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин окуучулары жана кызматкерлердин балдары үчүн өткөрүлгөн жаңы жылдык балаты майрамы жөнүндө

 

Үстүбүздөгү жылдын 27-28-декабрь күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад) жыйындар залында окуу жайдын Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары жана кызматкерлердин балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Балаты майрамында балдар үчүн жаңы жыл темасында Аяз Атанын, Аяз Кыздын жана башка жомоктогу каармандардын катышуусунда сахналаштырылган оюндар көрсөтүлүп, балдар шаңдуу ырларды ырдап, балатыны тегеренип бийлешти. Иш-чара фото сессия менен аяктады. Жаңы жылдык балаты өзү абдан кооз болуп, балаты майрамы абдан шаңдуу маанайда өтүп, майрамдык иш-чара ойдогудай болду! Биздин балдарыбызды жаңы жыл майрамы менен куттуктайбыз! Балаты майрамын уюштургандыгы, жаңы жылдык белектер үчүн ЭАУнун Маданий-эстетикалык борборунун директору М.А. Гайымовго, лицейдин директору Э.Б. Кеңешевага, кесиптик кошуун комитетинин төрагасы А.А. Абдыкуловго ыраазычылык билдиребиз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

_______________________

 

О новогодней ёлке для учащихся Международного Кыргызско-Турецкого лицея и детей сотрудников МНУ

 

27-28 декабря сего года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) провели новогоднюю детскую ёлка для учащихся начальных классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея и для детей сотрудников. На новогодней ёлке детям были представлены различные инсценировки на новогоднюю тему с участием Деда Мороза и Снегурочки, а также других сказочных персонажей, дети пели и танцевали вокруг нарядной ёлки. Сама праздничная ёлка был красивой и нарядной, на празднике было очень радостно и весело! Мероприятие закончилось фотосессией учащихся и сказочных персонажей. Праздник удался. Пожелаем нашим детям отлично отпраздновать новый год! Благодарим директора Культурно-эстетического центра М.А. Гайымова, директора лицея Э.Б. Кенешову и председателя профсоюзного комитета МНУ У.А. Абдыкулова за организацию новгодней детской ёлки, за новогодние подарки!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *