О ЮБИЛЕЙНЫХ МЕРОПРИЯТИЯХ В ЧЕСТЬ 30-ЛЕТИЯ МНУ

 

19 мая этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) состоялись торжества в честь 30-летия со дня образования вуза. В рамках юбилейных мероприятий в большом актовом зале МНУ провели торжественное собрание, праздничный концерт и церемонию награждений. В начале торжества с поздравительной речью и с докладом по случаю юбилея выступила ректор МНУ д.э.н., профессор Айжамал Кантороевна Кантороева, которая в своей речи подчеркнула важность этого юбилея, особо отметила достижения и успехи коллектива, напомнила наиболее важные вехи истории вуза. В праздничном концерте выступили артисты Жалал-Абадской областной филармонии, в том числе известный певец и композитор, директор филармонии Эмил Балтагулов, а также талантливые студенты университета. После концертной части торжества ряду сотрудников вуза были вручены награды Жогорку Кенеша Кыргызской Республики, Министерства образования и науки Кыргызской Республики, Полномочного представителя Президента Кыргызской Республики в Жалал-Абадской области, мэрии г. Жалал-Абад, а также самого университета. На торжество были приглашены и ветераны МНУ, которых также отметили наградами вуза. 26 мая этого года в честь 30-летия МНУ и 75-летия его основателя д.э.н., проф., акад. РАМ К.Ш. Токтомаматова состоится международная научно-практическая конференция на тему «Глобализация и интернационализация образования» в рамках научного мероприятия «IV Токтомаматовски чтения». Добро пожаловать!

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

______________________

 

ЭАУнун 30 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛГАН МААРЕКЕЛИК ИШ-ЧАРАЛАР ЖӨНҮНДӨ

 

Үстүбүздөгү жылдын 19-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында окуу жайдын 30 жылдыгына арналган маарекелик иш-чара өткөрүлдү. Маарекелик иш-чаранын алкагында салтанаттуу чогулуш, майрамдык концерт жана сыйлыктарды берүү аземи өткөрүлдү. Салтанаттуу чогулуштун башында ЭАУнун ректору э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөевна Кантөрөева университеттин жамаатын маареке менен куттуктап, өз сөзүндө бул маарекенин маанилүүлүгүн баса белгилеп, окуу жайдын жетишкендиктерине жана ийгиликтерине токтолуп, тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ учурларды эске салды. Майрамдык концертте белгилүү ырчы жана обончу Эмил Балтагулов жетектеген Жалал-Абад областтык филармониянын артисттери жана окуу жайдын чыгармачыл студенттери өз ырларын, обондорун жана бийлерин тартуулашты. Майрамдык концерттен кийин ЭАУнун бир катар мыкты кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Билим берүү жана илим министрлигинин, Президенттин Жалал-Абад областындагы ыйгарым кукутуу өкүлүнүн, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана окуу жайдын өзүнүн сыйлыктары берилди. Маарекелик иш-чарага окуу жайдын ардагерлери да катышып, аларга да сыйлыктар берилди. Ушул жылдын 26-майында университеттин 30 жылдыгына жана анын негиздөөчүсү э.и.д., проф. РМА акад. К.Ш. Токтомаматовдун 75-жылдыгына арналган, “IV Токтомаматов окуулары” илимий иш-чарасынын алкагындагы “Билим берүүнүн ааламдашуусу жана интернационалдашуусу” аттуу эл аралык илимий-практикалы конференция өткөрүлөт. Кош келиңиздер!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *