В МНУ ПРОВЕЛИ МЕЖДУНАРОДНУЮ НАУЧНО-ПРАКТИЧЕСКУЮ КОНФЕРЕНЦИЮ НА ТЕМУ «ГЛОБАЛИЗАЦИЯ И ИНТЕРНАЦИОНАЛИЗАЦИЯ НАУКИ И ОБРАЗОВАНИЯ»

 

26 мая этого года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) в честь 30-летия вуза и 75-летия его основателя, д.э.н., профессора, академика РАМ К.Ш. Токтомаматова состоялась международная научно-практическая конференция на тему «Глобализация и интернационализация науки и образования» в рамках научного мероприятия «IV Токтомаматовские чтения». В начальной торжественной части с приветственными речами к гостям и участникам конференции обратились ректор МНУ д.э.н., профессор А.К. Кантороева, полномочный представитель Президента КР в Жалал-Абадской области А.Т. Сыргабаев, депутат Жогорку Кенеша КР А.Т. Маткеримов. В начальной же торжественной части учёного звания Почетный профессор МНУ были удостоены экс-губернатор Жалал-Абадской области, экс-первый вице-премьер-министр Кыргызской Республики Абдыжапар Тагаев, экс-председатели Кыргызкоопсоюза Мамат Орозбаев и Тургунбай Анаркулов, которые в свое время внесли весомый личный вклад в открытие и становление вуза. В работе конференции приняли участие 250 ученых зарубежных (Турция, Россия, США, Япония, Казахстан, Узбекистан, Польша и Азербайджан) и отечественных вузов, научных институтов, специалистов различных отраслей, представителей различных организаций и учреждений. Секционные заседания проводились в 10 секциях по педагогическим, гуманитарным, экономическим, естественнонаучным, техническим и медицинским направлениям. В ходе конференции был рассмотрен и обсужден ряд актуальных вопросов по тематике, разработаны и внесены предложения согласно реалиям, а также перспективам науки и образования в современных условиях глобализации и интернационализации. Материалы названной конференции будут изданы в научно-популярном журнале “Вестник Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова”.

 

Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ

_______________________

 

ЭАУда “ИЛИМ МЕНЕН БИЛИМДИН ААЛАМДАШУУСУ ЖАНА ИНТЕРНАЦИОНАЛДАШУУСУ” АТТУУ ЭЛ АРАЛЫК ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 26-майында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад) окуу жайдын 30 жылдыгына жана анын негиздөөчүсү, э.и.д., профессор, РМА академиги К.Ш. Токтомаматовдун 75 жылдыгына арналган “Илим менен билимдин ааламдашуусу жана интернационалдашуусу” аттуу эл аралык илимий-практиткалык конференция “IV Токтомаматов окуулары” илимий иш-чарасынын алкагында өткөрүлдү. Салтанаттуу башталышында конференциянын меймандарына жана катышуучуларына ЭАУнун ректору э.и.д., профессор А.К. Кантөрөева, КР Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т. Сыргабаев жана КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Т. Маткеримов, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Г.К. Таштанбекова салам жолдоолору менен кайрылышты. Ошол эле салтанаттуу бөлүгүнүн башында университеттин ачылышына жана түптөлүшүнө жеке зор салымын кошкон Кыргыз Республикасынын мурунку биринчи вице-премьер-министри, Жалал-Абад областынын губернатору Абдыжапар Тагаевге, Кыргыз кооперативдер биримдигинин мурунку төрагалары Мамат Орозбаевге жана Тургунбай Анаркуловго ЭАУнун Ардактуу профессору окумуштуулук наамы берилди. Конференциянын ишине чет өлкөлүк (Түркия, Россия, АКШ, Жапония, Казакстан, Өзбекстан, Польша жана Азербайжан) жана республикабыздын жогорку окуу жайларынан, илимий институттарынан, бир катар уюм-мекемелерден, ар кандай тармактардан 250 илимпоз, адис жана өкүлдөр катышышты. Секциялык отурумдар экономикалык, педагогикалык, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык жана медициналык багыттар боюнча 10 секцияда жүргүзүлдү, алар:

  • “Каржылык ааламдаштыруу — каржынын интернационалдашуусу катары”;
  • “Дүйнөлүк интеграциялык кайра түзүүлөрдүн шартында социалдык-экономикалык өнүгүүнү башкаруу”;
  • “Санариптештирүү шартында бухгалтердик эсепти, талдоону жана көзөмөлдү өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору”;
  • “Учурдагы цивилизациялык мейкиндикте филологиянын актуалдуу маселелери”;
  • “Педагогика жана психология: ааламдашуу учурундагы негизги көйгөйлөр жана өнүгүү тенденциялары”;
  • “Жаңы дүйнөлүк шарттарда укуктук илимий изилдөөлөрдүн актуалдуу көйгөйлөрү: теориялык жана укуктук аспектилери”;
  • “Ааламдашуу доорунда коомду жана билим берүүнү санариптештирүү”;
  • “Аламдашуу жана санариптештирүү доорундагы азыркы медицина: ата мекендик жана чет элдик тажрыйба”;
  • “Ааламдашуу шартында экологиялык коопсуздук жана электрондук туризм индустриясын өнүктүрүү”;
  • “Экономикада жана башкарууда математикалык усулдарды жана интернет-технологияларды өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги”.

Конференциянын жүрүшүндө тема боюнча учур көйгөйлөрү каралып, илим менен билимдин ааламдашуусу жана интернационалдашуусу багытында учурда жана келечекте чечилүүчү маселелер боюнча иштиктүү сунуштар берилди. Аталган конференциянын материалдары “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы”  аттуу илимий-популярдык журналда басылып чыгат.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *