В МНУ ПРОВЕЛИ НОВОГОДНЮЮ ЁЛКУ ДЛЯ ДЕТЕЙ
25-26 декабря 2024 года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) провели Новогоднюю Ёлку для детей сотрудников университета и учащихся начальных классов Международного Кыргызско-Турецкого лицея МНУ. Новогодняя елка для детей сотрудников была организована Культурно-эстетическим центром, Комитетом по делам молодежи МНУ и артистами Жалал-Абадского областного драматического театра имени Барпы Алыкулова. Новогодняя елка для учащихся лицея была организована дирекцией лицея и Культурно-эстетическим центром МНУ. Праздничные мероприятия прошли очень весело и интересно, чему способствовали сказочные персонажи, игры и танцы вокруг нарядной елки. Детям праздник понравился!
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ
_____
ЭАУда БАЛДАР ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Үстүбүздөгү жылдын 25-26-декабрь күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) университеттин кызматкерлеринин балдары жана ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк лицейинин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн жаңы жылдык балаты өткөрүлдү. Кызматкерлердин балдары үчүн жаңы жылдык балаты ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору, Жаштар иштери боюнча комитет жана Барпы Алыкулов атындагы Жалал-Абад областык драма театрынын артисттери тарабынан уюштурулду. Лицейдин окуучулары үчүн жаңы жылдык балаты лицейдин дирекциясы жана ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору тарабынан уюштурулган. Майрамдык иш-чаралар абдан шаңдуу жана кызыктуу өттү, буга жомоктогу каармандар, кооз балатынын айланасында оюн-зооктор жана бийлер негиз болду. Майрам балдарга жакты!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы