ЭАУнун СТУДЕНТТЕРДИН ИНСАНДЫК КАЛЫПТАНУУСУНА, НАРКТУУЛУГУНА ШАРТ ТҮЗҮҮ БАГЫТЫНДА КЫЗЫКТУУ ИНСАНДАР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ИШ-ЧАРАСЫ ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын 10-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) жыйындар залында “Сылыктык элпектик жана маданияттуулук лидерликтин башаты” аттуу кызыктуу инсандар менен жолугушуу ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун студенттери үчүн өткөрүлдү. Жолугушууга кадырлуу инсандар катары таанымал төкмө акын Идрис Айтбаев, коомдук ишмер, журналист Дамир Кубанычбеков, CED китепкөйлөр коомунун башчысы Бектур Аширов чакырылды. Аталган иш-чарада студенттер айтылган инсандар менен чыгармачылыгы, кесиптик жана коомдук ишмердиги тууралуу баарлашып, суроо-жооптор менен алмашып, абдан кызыктуу маек курушту. Жолугушуунун жүрүшүндө Идрис Айтбаев комуздун коштоосунда бир катар үгүт-насаат ырларын аткарып, чыгармачыл студенттер ыр-бийлерди тартуулашты. Университеттин тарбия иштери боюнча проректору, фил.и.к., ЭАУ профессору Анвар Жолдошбаевдин айтуусунда окуу жайда мындай иш-чараларды өткөрүү менен студенттердин инсандык калыптануусуна, нарктуулугуна кошумча шарттар түзүлөт. Жалпысынан айтылган иш-чара абдан мазмундуу жана кызыктуу өттү. Иш-чарага катышкан кадырлуу меймандарга, иш-чараны мыкты уюштурган Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун дирекциясына (директору PhD Билге Дурмуш Аккуш, директордун орун басары А.М. Умаров), эл аралык мамилелер жана жалпы теориялык сабактар кафедрасына (башчысы фил.и.к., ЭАУ проф. Элмира Хурибаева), демилгечи студенттер тобуна ыраазычылык билдиребиз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы










