ЭАУнун студенттери КМШ илим-билим мекемелеринин арасында өткөрүлгөн “Эң мыкты студент – 2022” сынагынынын сыйлыктарын алышты!

 

Үстүбүздөгү жылдын 29-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) ректоратында “Эл аралык мамилелер” багыты боюнча 4-курстун студенттери Аккозу уулу Баратты, Аскаралиева Берметти жана Рахманова Нурзаданы куттукташты. Аталган студенттерибиз Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин илим-билим мекемелери арасында өткөрүлгөн “Эң мыкты студент – 2022” Эл аралык китеп басмасынын сынагында ийгиликтерге жетишип, II жана III даражадагы дипломдор, төш белгилер менен сыйланышты! Аталган сынакты Казакстан Республикасынын “Жалпы улуттук “Бөбек” кыймылы” ассоциациясы уюштурган. Эске салсак, ЭАУ студенти Аккозу уулу Барат Түрк маданиятынын эл аралык “ТҮРКСОЙ” уюмунун Кыргызстан тараптан маданият боюнча жаш элчиси. Жогоруда аталган ЭАУ студенттерин алган сыйлыктары менен куттуктайбыз жана мындан да жогору ийгиликтерге жетишүүсүн каалайбыз!

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү кызматы

___________________________

 

Студенты МНУ призеры конкурса «Лучший студент — 2022» среди научно-образовательных учреждений СНГ!

 

29 декабря этого года в ректорате Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) поздравили студентов 4 курса по направлению «Международные отношения» Аккозу уулу Барата, Аскаралиеву Акбермет и Рахманову Нурзаду, которые были награждены дипломами II и III степени, нагрудными знаками конкурса Международного книжного издания «Лучший студент-2022» среди научно-образовательных учреждений Содружества Независимых Государств, организованное Ассоциацией «Общенациональное движение «Бобек»  Республики Казахстан. Стоит отметить, что студент МНУ Аккозу уулу Барат является молодым послом культуры от Кыргызстана в Международной организации тюркской культуры «ТЮРКСОЙ». Желаем нашим студентам новых высоких побед!

 

Служба по профориентационной работе МНУ

От admin

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *