В МНУ отметили День бухгалтеров и аудиторов, а также организовали гостевую лекцию Государственной налоговой службы

 

2 апреля сего года в канун 3 апреля – Дня бухгалтеров и аудиторов Кыргызской Республики кафедра бухгалтерского учета, анализа и аудита Международного университета им. К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) в режиме онлайн и офлайн организовала круглый стол на тему «Вопросы подготовки и трудоустройства бухгалтеров, аудиторов в условиях цифровизации экономики». В названном мероприятии приняли участие профессорско-преподавательский состав экономических кафедр МНУ и др. вузов, ряд руководителей и специалистов предприятий и учреждений, студенты МНУ и других вузов. Мероприятие было организовано на высоком качественном уровне. Поздравляем всех бухгалтеров и аудиторов с профессиональным праздником!

В этот же день кафедра учетно-финансовых дисциплин Гуманитарно-экономического колледжа МНУ в большом актовом зале университета организовала гостевую лекцию сотрудников Управления Государственной налоговой службы по г. Жалал-Абад (УГНС). Тема лекции: «Налоги и налогообложение в Кыргызской Республике, изменения в законопроектах». Лекцию провели главные инспекторы УГНС по г. Жалал-Абад Н.Т. Атаев и Ч.А. Кошоев. Студенты МНУ проявили высокую активность, живой профессиональный интерес, задали ряд вопрос по работе государственной налоговой службы и налогообложению в целом. По окончании лекции преподаватели и студенты МНУ выразили благодарность и пожелали успехов в работе названным сотрудникам УГНС по г. Жалал-Абад.

 

Проректор по внеучебной работе, государственному языку и связям с общественностью МНУ, к.филол., проф. Анвар ЖОЛДОШБАЕВ

________________________________________

 

ЭАУда Бухгалтерлер жана аудиторлор күнүн белгилешти, о.э. Мамлекеттик салык кызматынын конок лециясын уютурушту

 

Үстүбүздөгү жылдын 2-апрелинде К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) бухгалтердик эсеп, талдоо жана көзөмөл кафедрасы 3-апрель – Кыргыз Республикасынын бухгалтерлер жана аудиторлор күнүнө карата онлайн жана офлайн тартибинде “Экономиканы санариптештирүү шартында бухгалтерлерди жана аудиторлорду даярдоонун, ишке жайгаштыруунун маселелери” аталышында тегерек стол уюштурушту. Аталган иш-чарага ЭАУнун жана башка жогорку окуу жайлардын экономикалык кафедраларынын  профессор-окутуучулар курамы, студенттери менен бир катар уюм-мекемелердин жетекчилери, адистери катышышты. Айтылган иш-чара жогорку уюшкандыкта өттү десек болот. Бардык бухгалтерлерди жана аудиторлорду кесиптик майрамы менен куттуктайбыз!

Ушул эле күнү ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин эсеп-каржы сабактар кафедрасы чоң жыйындар залында Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын адистеринин конок лекциясын уюштурушту. Лекциянын темасы: “Кыргыз Республикасындагы салыктар жана салык салуу, мыйзам долбоорлорундагы өзгөрүүлөр”. Лекцияны аталган салык кызматынын башкы тескөөчүлөрү Н.Т. Атаев жана Ч.А. Кошоев окушту. ЭАУнун окутуучулары жана студенттери лекцияга активдүү катышып, чыныгы кызыгуусун көрсөтүшүп, салык кызматынын иши жана салык маселелери боюнча бир катар суроолорду беришти. Лекциянын соңунда катышуучулар Жалал-Абад шаары боюнча Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын адистерине терең ыраазычылыктарын билдиришип, иштеринде ийгиликтерди каалашты.

 

ЭАУнун окуудан сырткары иштер, мамлекеттик тил жана коомчулук менен байланыштар боюнча проректору, филол.и.к., проф. Анвар ЖОЛДОШБАЕВ

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *