✨ ЭАУнун жана ЖАМУнун колледждеринин кызматташуусу жөнүндө

✨ ЭАУнун жана ЖАМУнун колледждеринин кызматташуусу жөнүндө

2026-жылдын 9–13-март күндөрү К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетинин Гуманитардык-экономикалык колледжинин математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык — технологиялык сабактар кафедрасынын башчысы Айгерим Эшкожоева жана окутуучулар курамы ЖАМУнун Жалал-Абад колледжинде академиялык мобилдүүлүк алкагында тажрыйба алмашуу иш-чараларын өткөрүштү.
🎓 Студенттер үчүн конок лекциялар уюштурулуп, программалоо жана веб-баракчанын менюсун, секцияларын жана блокторун түзүү боюнча пайдалуу маалыматтар берилди. Ошондой эле санариптик технологиялар боюнча актуалдуу темалар талкууланды. Сабактар заманбап технологиялар – электрондук доска, ноутбук жана видео материалдардын жардамы менен өткөрүлүп, окутуунун жаңы ыкмалары боюнча тажрыйба алмашуу жүргүзүлдү. Бул иш-чара билимди тереңдетүүгө, тажрыйба бөлүшүүгө жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты чыңдоого чоң салым кошту.

ЭАУнун математика, маалыматтык технологиялар жана техникалык — технологиялык сабактар кафедрасы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *