ЭАУнун ЭЛ АРАЛЫК МЕДИЦИНАЛЫК КОЛЛЕДЖИНДЕГИ КОНОК ЛЕКЦИЯЛАР ЖӨНҮНДӨ
Үстүбүздөгү жылдын К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) Эл аралык медициналык колледжинде 24-март – Бүткүл дүйнөлүк кургак учукка каршы күрөшүү күнүнө карата 1-курстун студенттери үчүн өзгөчө маанилүү конок лекция болуп өттү. Лекциянын башкы коногу тажрыйбалуу адис, фтизиатр дарыгер Мурсалиев Акрам. Иш-чаранын негизги максаты жаш муунга кургак учук оорусунун алдын алуу, анын алгачкы белгилерин таануу жана сергек жашоо ыңгайын жайылтуу боюнча маалымат берүү болду.
Дарыгер Мурсалиев Акрам лекцияда кургак учуктун дүйнөлүк деңгээлде жана өлкөбүздөгү абалына токтолуп, оорунун жайылуу жолдору жана андан сактануунун эрежелерин баяндап берди. Лекциянын соңунда студенттер дарыгерге кызыктуу жана пайдалуу маалыматтар үчүн ыраазычылык билдиришти. Мындай иш-чаралар студенттердин медициналык сабаттуулугун арттырып, өз ден соолугуна кам көрүүгө жоопкерчиликтүү мамиле жасоого үйрөтөт.
ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжи



