Милиция кызматкерлери ЭАУнун студенттери менен жолугушту
Үстүбүздөгү жылдын 2-октябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) жыйындар залында милициянын кызматкерлеринин жана ЭАУнун студенттеринин жолугушуусу өткөрүлдү. Жолугушууда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу маселелери боюнча сөз болду. Жолугушууга Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери чакырылды, т.а. Коомдук коопсуздук кызматынын Балдар иштери боюнча инспекциясынын башчысы, милициянын капитаны С.Э. Кыдырова жана “Спутник” кичи шаарчасынын 3 аймактык милиция кызматкери. ЭАУнун тарбия иштери боюнча проректору А.С. Жолдошбаев өз сөзүндө жолугушуунун маанилүүүлүгүн белгилеп, студенттерди коомдук тартипти сактоого, жарандардын укугун сыйлоого, милиция менен кызматташууга чакырды. Жалпысынын жолугушуу кызыктуу жана мазмундуу өттү.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү ж/а коомчулук менен байланыштар кызматы
_______________
Сотрудники милиции встретились со студентами МНУ
2 октября этого года в большом актовом зале Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) была организована встреча сотрудников милиции и студентов в целях профилактики преступности среди студенческой молодежи. Из сотрудников милиции на встречу со студентами были приглашены начальник Инспекции по делам несовершеннолетних Службы общественной безопасности Жалал-Абадского ГОВД, капитан милиции С.Э. Кыдырова и 3 участковых милиционера по микрорайону «Спутник». Проректор по воспитательной работе МНУ А.С. Жолдошбаев отметил важность такой встречи, призвал студентов соблюдать общественный порядок, уважать права граждан и активно сотрудничать с милицией в поддержании общественного порядка. В целом встреча была интересной и полезной.
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ