ЭАУда 10-ноябрь – Бүткүл дүйнөлүк Илим күнүн белгилешти
Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Бүткүл дүйнөлүк илим күнүнө карата “Кыргыз Республикасындагы билим берүүнүн жана илимдин актуалдуу маселелери” аттуу тегерек стол өткөрүштү. Аталган тегерек столдо илим-билимдин өнүгүү тенденциялары жана келечеги тууралуу сөз болуп, бир катар иштиктүү иш-аракеттерди колго алуу маселелери каралды. Ушул эле иш-чаранын алкагында окуу жайдын бир нече илимпоздоруна профессор жана доцент илимий наамдары берилип, илим жаатында ийгиликтерге жетишкендерге ардак грамоталар жана акчалай сыйлыктар берилди. Муну менен бирге, ЭАУнун аспирантурасынын бүтүрүүчүлөрүнө сертификаттар тапшырылды. Тегерек столдо каралган материалдар “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” илимий-популярдуу журналында жарык көрөт.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы
_____
В МНУ отметили Всемирный День науки – 10 ноября
10 ноября этого года К.Ш. В Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова состоялся круглый стол на тему “Актуальные вопросы образования и науки в Кыргызской Республике”, приуроченный к Всемирному Дню науки. На круглом столе были обсуждены тенденции и перспективы развития науки и образования, рассмотрен ряд актуальных вопросов. В рамках данного мероприятия ряду ученых вуза были присвоены ученые звания профессора и доцента, а также вручены почетные грамоты и денежные премии за успехи в области науки. Вместе с этим, были вручены сертификаты об окончании аспирантуры выпускникам аспирантуры МНУ. Материалы, рассмотренные на круглом столе будут опубликованы в научно-популярном журнале вуза “Вестник Международного университета имени К.Ш. Токтоматова”.
Служба по профориентационной работе и связям с общественностью МНУ