ЭАУдагы ЭР СОЛТОНОЙ БОЮНЧА КЕРЕГЕ КЕҢЕШ ЖАНА БЕЛГИЛҮҮ БЛОГЕР, ИШКЕР СУЛТАН МАТИЕВ МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ЖӨНҮНДӨ

 

Үстүбүздөгү жылдын 12-февралында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) Окумуштуулар кеңешинин залында “Байсейит уулу Эр Солтоной – кыргыз элинин эркиндиги үчүн күрөшкөн баатыр” темасында гибриддик форматта кереге кеңеш өткөрүлдү. Аталган кереге кеңешти ЭАУнун философия жана табигый илимдер кафедрасы уюштуруп, ага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин, Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор-окутуучулар курамы жана башка бир катар уюм-мекемелердин өкүлдөрү катышты. Катышуучулардын негизги курамын тарыхчылар жана филологдор түздү. Бул кереге кеңеште Эр Солтоной XVII кылымдын экинчи жарымында жана XVIII кылымдын башында өмүр сүргөн, баскынчы калмактар менен күрөшкөн тарыхый инсан жана “Эр Солтоной” кенже эпосунун башкы каарманы катары каралды. Кереге кеңеште каралган материалдар “К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жарчысы” аттуу илимий-популярдык журналда басылып чыгат.

Ушул эле күнү университеттин чоң жыйындар залында студент жаштар арасында ишкердикти жайылтуу боюнча “Энактас” долбооруна кирген окуу жайдын “Энактас ЭАУ” командасы белгилүү жаш блогер жана ишкер Султан Матиевдин студенттер менен жолугушуусун уюштурду. Султан Матиев студенттер менен жеке инсандык өнүгүү, ишкердик аракеттер темасында кызыктуу маектешти.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

 

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *