В МНУ ТОРЖЕСТВЕННО ОТМЕТИЛИ ДЕНЬ НАУКИ!
10 ноября сего года в большом актовом зале Международного университета (МНУ, г. Жалал-Абад) торжественно отметили Всемирный День науки и День науки Кыргызской Республики. Ректор МНУ, д.э.н., профессор, академик Региональной Академии Наук С.А. Омурзаков выступил с поздравительной речью в адрес профессорско-преподавательского состава и студентов, озвучил ряд программных направлений в сфере научных изысканий, научных мероприятий университета. Далее был заслушан отчет о научной деятельности вуза проректора по науке, международным связям и инновационно-образовательным технологиям, к.п.н., проф. Т.Т. Омошева, после чего были отмечены наградами и премиями научные успехи отдельных сотрудников и студентов вуза. Стоит особо отметить, что в МНУ приоритетными научными направлениями являются экономика, юриспруденция, информационные технологии, политология, социология, филология и педагогика. После официальной части была представлена концертная программа. В целом День науки в МНУ отметили традиционно достойно! Служба по профориентационной работе и связям МНУ
___________________________________
ЭАУда ИЛИМ КҮНҮН САЛТАНАТТУУ ТҮРДӨ БЕЛГИЛЕШТИ!
Үстүбүздөгү жылдын 10-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) чоң жыйындар залында Бүткүл дүйнөлүк Илим күнү жана Кыргыз Республикасынын Илим күнү салтанаттуу түрдө белгиленди. Салтанаттын башында ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор, Аймактык менеджмент академиясынын академиги С.А. Өмүрзаков окуу жайдын профессор-окутуучулар курамына жана студенттерине куттуктоолор менен кайрылып, өз сөзүндө университеттин илим багытындагы бир катар программалык маселелерине токтолду. Андан кийин илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары боюнча проректор, п.и.к., проф. Т.Т. Омошевдин окуу жайдын илимий ишмердиги боюнча баяндамасы угулду, илимий багытта ийгиликтерге жетишкен бир катар кызматкерлерге жана студенттерге сыйлыктар берилди. Өзгөчө белгилеп кетсек, ЭАУда илимдин төмөнкү багыттары артыкчылыктуу болуп эсептелишет, алар экономика, юриспруденция, маалыматтык технологиялар, саясат таануу, социология, филология жана педагогика. Расмий бөлүктөн кийин концерттик программа да тартууланды. Жалпылап айтсак, ЭАУда Илим күнү салттуу түрдө татыктуу белгиленди!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы