ЭАУ СТУДЕНТТЕРИНИН СПОРТТУК ИЙГИЛИКТЕРИ ТУУРАЛУУ КАБАРЛАР
Үстүбүздөгү жылдын 11-мартында ордо калаабыз Бишкекте башталган Кыргыз Республикасынын 2026-жылкы Универсиадасында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) студенттеринин волейбол боюнча эркектер курама командасы (капитаны Бектур Назарбеков – “Юриспруденция” багыты боюнча 2-курстун студенти) курч спорттук атаандаштыкта байгелүү III орунду ээлеп, коло медалдар менен сыйланып келди. Окуу жайдын дене тарбия жана спорт кафедрасынын башчысы, “Ден соолук” спорт клубунун жетекчиси доцент Урматбек Амиракулов, жана ага окутуучу, команданын башкы машыктыруучусу Кайратбек Садыков ЭАУнун волейбол боюнча эркектер курама командасын универсиадага даярдоодо бир топ мээнет кылышып, жеке зор салымын кошконун баса белгилейбиз. ЭАУнун ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева аталган команданын мүчөлөрүн чын жүрөктөн куттуктап, албан-албан ийгиликтерди каалады. Өз кезегинде спортсмен студенттерибиз университеттин ректоруна моралдык жана материалдык колдоо үчүн терең ыраазычылык билдиришти. Эске салсак, 1-орунду Кыргыз Мамлекеттик дене тарбия академиясынын, 2-орунду Ош Мамлекеттик университеттин курама командалары ээлешти.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы





