ЭАУдагы иш-чаралардан кабарлар

 

Үстүбүздөгү жылдын 3-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин философия жана табигый илимдер кафедрасынын уюштуруусунда 7-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата “Даанышман ордо” клубунда студенттер арасында акыл-таймаш оюну өткөрүлдү. Аталган оюнга “Датка”, “Манас”, “Санжыра”, “Биримдик” командалары катышты. ЭАУ студенттери Кыргызстан тарыхы боюнча билимин көрсөтүп, оюн абдан кызыктуу болду. I орунду “Манас” командасы алды. Жеңүүчүлөргө дипломдор жана акчалай сыйлыктар берилди.

Ушул эле күнү Жалал-Абад шаарынынын Барпы Алыкулов атындагы театры алдында 7-ноябрь – Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүнө карата областтык жана шаардык жетекчилик, шаар активи тарабынан ата-бабаларды эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү. Аталган иш-чарага К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректораты жана окутуучулары да катышты.

Ушул эле күнү окуу жайдын Карьера жана жумушка орноштуруу бөлүмүнүн уюштуруусунда Жалал-Абад ишкерлер ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, GIZ – Германиянын эл аралык кызматташуу уюмунун  “Иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү жана кесиптик билим берүү” аттуу долбоорунун алкагында “Эмгек базарында сиздин навигаторуңуз” темасында бүтүрүүчү курстардын студенттери үчүн тренинг өткөрдү. Тренинг мазмуну боюнча бүтүрүүчү курстардын студенттери үчүн абдан керектүү жана кызыктуу болду.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *