ЭАУнун “ААЛАМ ТААНЫГАН АЙТМАТОВ” АДАБИЙ КЕЧЕСИ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун “ААЛАМ ТААНЫГАН АЙТМАТОВ” АДАБИЙ КЕЧЕСИ ЖӨНҮНДӨ

Кыргызстандын дүйнөгө аты таанымал белгилүү жазуучусу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматовдун (1928-2008-жж.) 97 жылдыгына арналган иш-чаралар алкагында үстүбүздөгү жылдын 11-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) жыйындар залында “Аалам тааныган Айтматов” аттуу адабий кече өткөрүлдү. Аталган адабий кеченин программасы алкагында Чыңгыз Айтматовдун адабий чыгармалары боюнча көркөм окуулар болуп, “Обон” (“Жамийла”), “Кызыл жоолукчан жалжалым”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат” чыгармаларынан сахналаштыруулар тартууланып, алар фото-видео көрсөтүүлөр, көркөм тасмалардан үзүндүлөр менен коштолуп турду. Адабий кечеде студенттер жараткан каармандардын элестери сахнадан залга кирип баргандай укмуштуу кубулуштар болуп, канчалаган сезимдер толкуду. Көркөм окуулар, каармандардын реалдуу элестери, аларга ылайык кийимдер, көркөм тасмалардан үзүндүлөр менен коштоолор, жалындуу обон-кайрыктар, ырлар, бий, ал тургай балет (!) сахналык аткарууларга кайталангыс кошумча көрк, мазмун беришти. Сахналаштырууларда жанрлардын сыйкырдуу аралашуусу, күтүлбөгөн жалгашуулары көрүүчүлөрдү таң калтырып, дүркүрөгөн кол чабууларды жаратты. Адабий кеченин соңунда Чыңгыз Айтматовдун ”Биринчи мугалим”, “Бетме-бет”, “Саманчынын жолу” чыгармалары боюнча студенттердин өздөрү тарткан кыска метраждуу видео тасмалары көрсөтүлдү. Адабий кече жогорку көркөмдүк мазмунда өтүп, соңунда тарбия иштери боюнча проректор, фил.и.к., ЭАУ профессору Анвар Жолдошбаев адабий кеченин уюштуруучулары жалпы билим берүүчү сабактар кафедрасынын агай-эжекелерине, кафедранын башчысы Жакшылык Райымкул уулуна, чыгармачыл студенттер тобуна, режиссердук милдетти алып барган кафедранын окутуучусу Гүлбара Жумабаевга, Маданий-эстетикалык борбордун директору Муктар Гайымовго терең ыраазычылык билдирди.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *