ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИНИН КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШҮҮ БАГЫТЫНДАГЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ИШ-АРАКЕТТЕРИ ЖӨНҮНДӨ: МЫКТЫ КӨРКӨМ ВИДЕО ТАСМАЛАР БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРГА ТАТЫКТУУ БОЛДУ!
Үстүбүздөгү жылдын 10-деабрында Жалал-Абад областтык Прокуратурасы 9-декабрь – Коррупция менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чаралар алкагында жарыяланган “Биз коррупцияга каршыбыз!” аттуу чыгармачылык сынагынын жыйынтыгын чыгарды. Аталган сынактын шарттары боюнча жогорку жана орто кесиптик окуу жайлардын студенттери коррупция менен күрөшүү темасында көркөм видео тасмаларды тартышкан. Сынактын жыйынтыктары боюнча К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) студенттеринин 2 видео тасмасы байгелүү орундарга жетишти, алар: 1) башкы сыйлык – гран-при – ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжинин 1-2-3-курстарынын студенттеринин медицина тармагындагы коррупция жөнүндө биргелешип тарткан видео тасмасы (режиссёр К.А. Сулайманов, оператор Р. Мурзабеков); 2) “Эң мыкты видео ролик” номинациясында сыйлык – ЭАУнун Үзгүлтүксүз ачык билим берүү институтунун “Юриспруденция” багытындагы 2-курсунун студенттеринин шайлоо тутумундагы коррупция жөнүндө видео тасмасы (режиссёр Д.Т. Асилбеков, оператор Э. Абжапарова). Жалал-Абад областтык прокуратурасы аталган байгелүү орундарды ээлеген жана жигердүү катышкан чыгармачыл топторду атайын дипломдор, баалуу сыйлыктар менен сыйлады. Жогоруда аталган ЭАУнун студенттеринин чыгармачыл топторун айтылган ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз, мындан да жогору ийгиликтерди каалайбыз!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы





