ЭАУнун ТАШКЕНТ ШААРЫНДАГЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭЛ АРАЛЫК ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТА ӨТКӨРҮЛГӨН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун ТАШКЕНТ ШААРЫНДАГЫ ӨЗБЕКСТАНДЫН ЭЛ АРАЛЫК ИСЛАМ АКАДЕМИЯСЫ МЕНЕН КЫЗМАТТАШТЫКТА ӨТКӨРҮЛГӨН ИЛИМИЙ-ПРАКТИКАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 22-23-октябрь күндөрү К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) илим, эл аралык байланыштар жана инновациялык билим берүү технологиялары боюнча проректору, п.и.к., проф. Т.Т. Омошев, илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, саяс.и.к., доц. А.С. Калиев Өзбекстандын Эл аралык Ислам Академиясы “Түрк тилдүү мамлекеттердин философиясы, маданияты, мамилелери: тарыхы, бүгүнкүсү жана келечеги” аталышында өткөрүлгөн илимий-практикалык конференциясына жигердүү катышып келишти. Муну менен бирге, академиялык мобилдүүлүк боюнча ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун, «Эл аралык мамилелер» багыты боюнча 3-курсунун студенттери Абдыгапарова Дарыгүл, Адилбекова Айзада, Маданова Алина жана Санжаров Денис профессор-окутуучулар курамы жана студенттери менен илим-билим маселелери боюнча кызматташуу алкагында пикир алмашышты. ЭАУ учурда Өзбекстан Республикасынын жогорку окуу жайлары менен тыгыз кызматташып, илим-билим жаатында эки мамлекеттин достугун жигердүү бекемдөөдө.

ЭАУнун илим, аспирантура жана докторантура бөлүмү

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *