Көк бөрү оюну боюнча ЭАУнун мыкты спортмени жөнүндө
Көк бөрү, бардыгына маалым болгондой, кыргыздардын жана башка түрк элдеринин ат үстүндө ойнолуучу байыркы улуттук оюну. Көк бөрү оюну Кыргызстанда абдан таанымал жана эл сүйгөн оюндардын бири. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун “Менеджмент” багыты боюнча 1-курсунун студенти Эшмуратов Эшмурат көк бөрү оюну боюнча таанымал, мыкты оюнчулардан, университетибиз сыймыктанган спортсмен жигиттерден. Эшмурат 2023-жылы Чолпон-Ата шаарында өткөрүлгөн Көк бөрү оюну боюнча дүйнө чемпионатында республикабыздын курама командасынын дүйнө чемпиону болушуна өз салымын кошкон оюнчулардан. 2023-жылдын жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Көк бөрү федерациясы тарабынан жылдын мыкты оюнчусу деп таанылган. Мурун Жалал-Абадддын “Жаштык” командасында ойноп жүргөн. Учурда Чүйдүн “Сары-Өзөн” командасынын оюнчусу. Үстүбүздөгү жылдын 9-майына карата өткөрүлгөн республикалык мелдеште жогорку лигадагы командалардын ичинде “Сары-Өзөн” командасы Эшмураттын катышуусунда 2-орунду ээледи. Университетибиздин ректораты Эшмуратты чын жүрөктөн куттуктайт жана мындан ары да албан-албан спорттук ийгиликтерге жетишүүсүн каалайт!
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы