ЭАУда ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРГӨ БОЛГОН ЖАҢЫ ТАЛАПТАР БОЮНЧА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ
К .Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Манас шаары) “Учурдагы илимий изилдөөлөрдүн талаптары жана усулдары” аттуу семинар үстүбүздөгү жылдын 2-мартында чоң залында профессор-окутуучулар курамы, аспиранттары жана магистранттары үчүн өткөрүлдү. Семинарда каралган маселелер: 1) баяндамачы ЭАУнун илимий иштери боюнча проректору, п.и.к., проф. Төлөгөн Омошев «Окумуштуулук даражаны коргоодогу жаңы талаптар жана жаш окумуштуулардын илимдеги орду менен келечеги»; 2) баяндамачы аккредитация жана сапат бөлүмүнүн башчысы, э.и.д., проф. Анаркан Маткеримова «Диссертация жазуунун түзүлүшү, теманын артыкчылыктуу багыттары, ири илимий программалар, билим берүү жана илимий мекемелери тарабынан жүргүзүлгөн негизги илимий изилдөө иштери менен байланыштары»; 3) баяндамачы илим, аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башчысы, саяс.и.к., доц. Азамат Калиев «Илимде жасалма интеллекттин колдонулушу: сапатка жана изилдөө механизмдерине болгон коркунучтар».
Семинар абдан кызыктуу, тематикалык жактан мазмундуу болуп, катышуучулардын активдүү кызыгуусун жаратып, суроо-жооптор менен коштолду.
ЭАУнун илим, аспирантура жана докторантура бөлүмү





