ЭАУнун СПОРТСМЕН СТУДЕНТТЕРИНИН УНИВЕРСИАДАДАГЫ ЖАҢЫ ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун СПОРТСМЕН СТУДЕНТТЕРИНИН УНИВЕРСИАДАДАГЫ ЖАҢЫ ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Буга чейин билдиргендей, үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан 27-апрелине чейин Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын универсиадасы өткөрүлүүдө. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) студенттери дене тарбия жана спорт кафедрасынын жетекчилигинде (башчысы, доцент Урматбек Амиракулов) дагы бир катар ийгиликтерге жетишишти, алар: жеңил атлетиканын 1-лигасында “Дене тарбия” багыты боюнча 3-курстун студенти Өмүрбек Токтосунов – 100 м аралыкта жүгүрүүдө 1-орун, 200 м аралыкта жүгүрүүдө 1-орун, эстафетада 2-орун; “Дене тарбия” багыты боюнча 4-курстун студенти Элдос Бактияр уулу – 800 м аралыкта жүгүрүүдө 2-орун, 1500 м аралыкта жүгүрүүдө 2-орун, эстафетада 2-орун; “Дене тарбия” багыты боюнча 2-курстун студенти Сыймык Камалов – эстафетада 2-орун; “Чет тили” (англис тили) багыты боюнча 2-курстун студенти Севинч Позилжан кызы – 800 м аралыкта жүгүрүүдө 3-орун, 1500 м аралыкта жүгүрүүдө 3-орун; “Юриспруденция” багыты боюнча 3-курстун студенти Азамат Кадырбеков – эстафетада 2-орун. Университеттин ректору, э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева ийгиликке жетишкен студенттерди жеке кабыл алып, өз куттуктоолорун билдирди. Аты атаган спортсмен студенттерибизди спорттук ийгиликтери менен чын жүрөктөн куттуктайбыз жана мындан да жогору ийгиликтерди каалайбыз! ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасына да спортсмен улан-кыздарыбызды мыкты тарбиялоодо ийгилик каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *