ЭАУнун студентинин удаа спорттук ийгиликтери жөнүндө
К. Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин Гуманитардык-экономикалык колледжинин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) «Башталгыч класстарда окутуу» адистиги боюнча II курсунун студенти Мадина Кудаярова Кыргыз Республикасынын Алыш күрөшү боюнча чемпионатына (12-апрель, 2025-жыл, Бишкек шаары) катышып, 52 кг салмагында I орунду ээлди. Муну менен бирге, Бишкек шаарынын Алыш күрөшү боюнча чемпионатында да (25-28-апрель, 2025-жыл) 53 кг салмагында I орунду алууга жетишти. Мадинаны удаа спорттук ийгилиги менен куттуктайбыз жана ага жаңы спорттук жетишкендиктерди каалайбыз! Мадина азамат, ушул жүрүштөн тайбаңыз! Эскертип кетсек, Мадина буга чейин да бир катар эл аралык, республикалык таймаштарда байгелүү орундарга жетишип келген.
ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасы, “Ден соолук” спорт клубу
______________
О двойном спортивном успехе студентки МНУ
Студентка II курса по специальности «Преподавание в начальных классах» Гуманитарно-экономического колледжа Международного университета имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, город Джалал-Абад) Мадина Кудаярова приняла участие в Чемпионате Кыргызской Республики по борьбе на поясах (12 апреля 2025 г., город Бишкек) и заняла I место в весовой категории 52 кг, а также в Чемпионате города Бишкек (25-28 апреля 2025 г.) по борьбе на поясах и также заняла I место в весовой категории 53 кг. Поздравляем Мадину с двойным спортивным успехом и желаем ей новых побед! Молодец, так держать! Стоит отметить, что наша Мадина и до этого была неоднократным призеров ряда международных и республиканских первенств.
Кафедра физической культуры и спорта, спортивный клуб «Здоровье» МНУ