ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунан кабарлар
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Жалал-Абад шаары) Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун директору PhD Дурмуш Билге Аккуш жана анын орун басары А.М. Умаров үстүбүздөгү жылдын 28-апрелинде Түркиянын Түрк кызматташтыгы жана аны координациялоо агенттигинин (TİKA) Бишкек шаарындагы кеңсесине барышып, анын координатору Мехмед Бондур менен жолугушушту. Жолугушууну максаты аталган агенттик менен кызматташтык мамилелерди арттыруу. Окуу жайыбыз буга чейин да аталган агенттик менен тыгыз кызматташып, көлөмдүү инвестицияларды тарткан. Муну менен бирге, ушул эле жетекчилерибиз 29-апрелде Түркия түркчөсүн окутуу борборунун (TTÖMER) Бишкектеги кеңсесине барышып, анын координатору Ильяс Сүт менен да жолугушушту. Аталган окуу борбору да окуу жайыбыз менен жигердүү кызматташкан мекемелерден, анын окутуучулары окуу жайыбызда көп жылдардан бери түрк тилин окутушат.
ЭАУнун Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун дирекциясы