ЭАУда ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРДИН СПАРТАКИАДАСЫ БАШТАЛДЫ

 

Үстүбүздөгү жылдын 22-январында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте (ЭАУ, Жалал-Абад ш.) профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлердин спартакиадасы салтанаттуу ачылыш менен башталды. Аталган спартакиада спорттун төмөнкү түрлөрү боюнча өткөрүлөт: волейбол, стритбол, жеңил атлетика, стол тенниси, чатыраш, эстафета, гирялык спорт, аркан тартышуу, тогуз коргоол жана бильярд. Спартакиада 22-январдан 26-январга чейин өткөрүлөт. Мындай спартакиадаларды өткөрүү ЭАУ үчүн салттуу иш-чаралардан болуп калган. Бул күндөрү окуу жайдын бардык кызматкерлери спорт аянттарында болуп, шаңдуу спорт майрамын белгилешет, натыйжада ден соолук, спорт жана достук чогуу жеңишке ээ болушат. ЭАУнун окутуучуларына жана кызматкерлерине сергек жашоо ыңгайын үгүттөөдө ийгилик, ден соолук жана күч-кубат каалайбыз!

 

ЭАУнун дене тарбия жана спорт кафедрасы

___________

 

В МНУ СТАРТОВАЛА СПАРТАКИАДА ПРОФЕССОРСКО-ПРЕПОДАВАТЕЛЬСКОГО СОСТАВА И СОТРУДНИКОВ

 

22 января сего года в Международном университете имени К.Ш. Токтомаматова (МНУ, г. Жалал-Абад) с торжественного открытия стартовала спартакиада профессорско-преподавательского состава и сотрудников. Названная спартакиада проводится по таким видам спорта, как волейбол, стритбол, легкая атлетика, настольный теннис, шахматы, эстафета, гиревой спорт, перетягивание каната, тогуз коргоол (настольная национальная игра), бильярд. Спартакиада будет проводиться с 22 по 26 января. Проведение такой спартакиады стало доброй спортивной традицией МНУ. Спартакиада МНУ – коллективный спортивный праздник вуза, в конце которой к победе приходят здоровье, спорт и дружба. Желаем преподавателям и сотрудникам МНУ успехов, здоровья и силы в пропаганде здорового образа жизни!

 

Кафедра физической культуры и спорта МНУ

От redak2

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *