Чет тилдер, котормо теориясы жана практикасы кафедрасы 050303 “Чет тил”, 050720 “Котормо иши” адистиктерин даярдайт. 2018-2019-окуу жылынын 1-сентябрынан баштап кабыл алынган. Азыркы учурда чет тили адистиги боюнча 130 студент, котормо иши адистигинде 100 студент окуйт. Чет тилдер, котормо теориясы жана практикасы кафедрасы жалпы кесиптик жана ЭАУнун студенттерин адистикке даярдоо (жогорку кесиптик билим берүү, бакалавриат) төмөнкү багыттар боюнча “Финансы жана кредит”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Экономика жана ишканаларды башкаруу”, “Юриспруденция”, “Педагогика”, “Интернет технологиялар жана башкаруу”, “Филологиялык билим берүү”, “Дене тарбия”, “ Менеджмент”, “Туризм”, “Филология (Түрк тили), “Эл аралык мамилелер”, “Экономика”, ошондой эле ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин (орто кесиптик билим берүү) “Салык жана салык салуу”, “Укук таануу”, “Укук жана социалдык камсыздоону уюштуруу”, “Социалдык иш”, “Экономика жана бухгалтердик эсеп”, “Каржы”, “Тигилүүчү кийимдерди моделдөө жана конструкциялоо”, “Маалыматтарды талдоо жана башкаруунун автоматташтырылган системасы”, “Башталгыч класстарды окутуу”, “Мектепке чейинки билим берүү”, “Дене тарбия”, ошондой эле ЭАУнун Эл аралык медициналык колледжинин(орто кесиптик билим берүү) “Дарылоо иши”, “Акушердик иши”, “Медайым иши”, “Фармация” багыттардагы адистерди даярдоодо кызматташат.