Урматтуу мекендештер!
Сиздерди өзүмдүн жана К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин профессор-окутуучулар курамы, кызматкерлери жана студенттери атынан келе жаткан Жаңы жыл майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Жаңы 2025-жылы куттуу мекенибиз Кыргызстанда ынтымак, тынчтык, токчулук болуп, элибиз аман-эсенчиликте жаратмандык менен мамлекетибизди өнүктүрө берсин! Экономика, илим-билим, маданият тармактарында ийгиликтерибиз арбын болуп, элибиз менен жерибизди даңктасын!
Жаңы жылыңыздар куттуу болсун!
К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин ректору,
э.и.д., профессор Айжамал Кантөрөева

