ЭАУнун СПОРТТОГУ ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

ЭАУнун СПОРТТОГУ ИЙГИЛИКТЕРИ ЖӨНҮНДӨ

Үстүбүздөгү жылдын 10-11-февралында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасында биринчилиги өткөрүлүп, 20 жашка чейинкилер арасында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин 2 студенти ийгиликке жетишишти: 1) “Юриспруденция” багыты боюнча 1-курсунун студенти Раатбек Паязбеков 82 кг салмагында биринчи орунду ээлеп, алтын медаль менен сыйланды; 2) “Дене тарбия” багыты боюнча 1-курсунун студенти Нурмухаммед Эгембердиев 55 кг салмагында 2-орундуу ээлеп, күмүш медаль менен сыйланды! Студенттерибиз Раатбек менен Нурмухаммедди аталган спорттук ийгиликтери менен чың жүрөктөн куттуктайбыз, мындан да жогору спорттук ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *