ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ ЖАШТАРГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРАЛАРГА ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУДА

ЭАУнун СТУДЕНТТЕРИ ЖАШТАРГА АРНАЛГАН ИШ-ЧАРАЛАРГА ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШУУДА

Үстүбүздөгү жылдын 9-10-февраль күндөрү Манас шаарынын мэриясынын жыйындар залдарында мэриянын уюштуруусунда Жаштар форуму жана Жаштар Парламентинин уюштуруусунда «Жогорку Кеңештин модели» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаралардын максаты: жаштардын социалдык активдүүлүгүн, саясий сабаттуулугун жогорулатуу; жаштардын лидерлик сапаттарын өнүктүрүүгө, мамлекеттик башкарууга катыштырууга, коомдук активдүүлүгүн колдоого багытталган. Аталган эки иш-чарага тең К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) Жаштар иштери боюнча комитети (төрагасы Тагайбек Сүйүнбаев) жана студенттик активи, профессор-окутуучулар курамынын өкүлдөрү жигердүү катышышты. Жаштар менен бирге бул иш-чараларга бир катар уюм-мекемелердин өкүлдөрү, белгилүү спортсмендер, о.э. таанымал блогерлер да катышкан.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *