ЭАУнун ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ «УЛУТТУК ДЕМ — ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК» ФОРУМУНА ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШЫШТЫ

ЭАУнун ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ӨКҮЛДӨРҮ «УЛУТТУК ДЕМ — ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК» ФОРУМУНА ЖИГЕРДҮҮ КАТЫШЫШТЫ

Үстүбүздөгү жылдын 11-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» уңгужолу жөнүндө жарлыгына ылайык Манас шаарынын «Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик» аттуу чыгармачыл бирикмелердин жана илимий интеллигенциянын форуму мэрияда өткөрүлдү. Мындай форумдар өлкө боюнча 25-мартка чейин район-кичи шаарларда, шаарларда, областтык борборлордо, соңунда республикалык деңгээлде өткөрүлөт, т.а. 4 этапта. Форумдун максаты — чыгармачыл бирикмелердин жана илимий интеллигенциянын дараметтерин бириктирүү, улуттук маданий өнүгүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана мамлекеттик маданий саясатты ишке ашырууга сунуштарды иштеп чыгуу. Форумдун төрайымынын милдетин Манас шаарынын вице-мэри Г.К. Таштанбекова алып барды. Аталган форумга К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас ш.) профессор-окутуучулар курамынын өкүлдөрү да жигердүү катышышты: т.и.к, проф. Ж.А. Дүйшеев, саяс.и.к., доц. А.С. Калиев, А.Т. Султанова, Г.С. Дөөлөтбекова, В.К. Токтогулова, К.К. Курбанбекова. Форумда жогорудагы багытта көйгөйлөр каралып, талкуулар болуп, кийинки жогорку этапка иштиктүү сунуштар берилди.

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *