К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН СТУДЕНТТЕРИ САМБО ЖАНА КҮЖҮРМӨН САМБО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕШТИ!

К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТИН СТУДЕНТТЕРИ САМБО ЖАНА КҮЖҮРМӨН САМБО БОЮНЧА ЭЛ АРАЛЫК МЕЛДЕШТЕ БАЙГЕЛҮҮ ОРУНДАРДЫ ЭЭЛЕШТИ!

Үстүбүздөгү жылдын 19-21-сентябрь күндөрү Бишкекте XXXV Кызыл Жылдыз орденинин ээси Виталий Гордеевдин элесине арналган самбо жана күжүрмөн самбо боюнча улан-кыздар арасында эл аралык мелдеш өткөрүлдү. Аталган мелдеште күжүрмөн самбо боюнча 2-орундарды «Юриспруденция» багыты боюнча 2-курс студенти Жаанбаев Эсенгелди 71 кг салмагында, «Укук таануу» адистиги боюнча Гуманитардык-экономикалык колледж биздин 2-курс студенти Амангелдиев Кеңешбек 98 кг салмагында ээлешти. Спорттук самбо боюнча ошол эле Амангелдиев Кеңешбек 98 кг салмагында 3-орунду, аталган колледжибиздин «Экономика жана бухгалтердик эсеп адистиги» боюнча 2-курс студенти Кадыралиев Алымсабыр 1-орунду ээлешти. Машыктыруучусу: университетибиздин дене тарбия жана спорт кафедрасынын окутуучусу Кубатбек Орозбеков. Биздин окуу жайдан бир учурда самбо боюнча мыкты спорттук жетишкендиктерди көрсөткөн студенттерибизди жана машыктыруучусун зор кубаныч менен куттуктайбыз жана мындан да жогору ийгиликтерди каалайбыз!

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *