ЭАУда СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

ЭАУда СПИД МЕНЕН КҮРӨШҮҮНҮН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮНӨ АРНАЛГАН ИШ-ЧАРА ӨТКӨРҮЛДҮ

 

Үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас ш.) жыйындар залында 1-декабрь – СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата ЭАУнун Эл аралык Медициналык колледжи (директору А.А. Дороев), Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад Мамлекеттик университетинин Медициналык колледжи (директору А.М. Курстанбаев), Жалал-Абад Медициналык колледжи (Ү. Т. Парханова), Кочкор-Ата Аймактык Медициналык колледжи (директору Б.А. Абдурасулов), Жалал-Абад областтык Кан аркылуу жугуучу вирустук гепатиттерди жана адамдын иммундук жетишсиздик вирусун көзөмөлдөө борбору (бөлүм башчысы К.Т. Токоев), “Умай клиник” медициналык борбору (дарыгер А.Э. Аттокурова) тарабынан биргелешкен “Жаштар арасында ВИЧ/СПИДдин, эрте бойго бүтүүнүн алдын алуу, абийирдүүлүктү сактоо” аттуу ири иш-чара өткөрүлдү. Аталган иш-чарада тема боюнча видео-фото көрсөтүүлөр менен коштолгон баяндамалар окулуп, студенттер тарткан көркөм тасмалар жана кызыктуу сахналаштыруулар көрсөтүлүп, концерттик номерлер тартууланып, бир катар үгүт-насаат иштери жүргүзүлдү, о.э. тема боюнча дубал гезиттеринин көргөзмөсү да уюштурулду. ЭАУнун тарбиялык иштер боюнча проректору, фил.и.к., проф. Анвар Жолдошбаевдин айтуусунда СПИД менен күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө арналган иш-чара абдан сапаттуу уюштурулуп, жаштарыбыздын арасында СПИДдин, эрте бойго бүтүүнүн алдын алуу, абийирдүүлүктү сактоо мазмунунда пайдалуу маалыматты сиңдирип, жогорку деңгээлде тарбиялык мааниде болду. СПИД – адамдын иммундук жетишсиздик вирусу инфекциясынан келип чыккан олуттуу оору. Бүгүнкү күнгө чейин бул ооруну  85,6 млн адам жуктуруп, 40,4 млн адам каза болгон. Бул оору менен күрөшүү, анын алдын алуу максатында маалымат берүүчү иш-чаралар дүйнө жүзү боюнча 1988-жылдын 1-декабрынан бери өткөрүлүп келе жатат. К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте да мындай иш-чаралар салттуу түрдө 1993-жылдан бери өткөрүлүүдө.

 

ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *