К.Ш. ТОКТОМАМАТОВ АТЫНДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК УНИВЕРСИТЕТТЕ ПРОФЕССОР ТУРАН ЯЗГАНДЫ ЭСКЕРҮҮ АЗЕМИ ӨТКӨРҮЛДҮ
Үстүбүздөгү жылдын 27-ноябрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жыйындар залында (ЭАУ, Манас шаары) Түркия Республикасынын «Түрк дүйнөсү» фондунун негиздөөчүсү э.и.д., профессор Туран Язганды (1938-2012-жж.) эскерүү аземи өткөрүлдү. Туран Язган аталган фондду негиздөө менен бирге 1993-жылы К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университетте Эл аралык Кыргыз-Түрк институтунун ачылышына да жеке зор салымын кошкон. Бүгүнкү күндө бул институт анын наамын алып жүрөт. Туран Язган мырза түрк тилдүү мамлекеттерди, элдерди бириктирүүгө, достугун жана кызматташуусун арттырууга зор салым кошкон жаркын инсандардын бири эле.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы










