ЭАУнун ПРОФЕССОР-ОКУТУУЧУЛАР КУРАМЫНЫН ЖАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИНИН БАЛДАРЫ ҮЧҮН ЖАҢЫ ЖЫЛДЫК БАЛАТЫ МАЙРАМЫ ӨТКӨРҮЛДҮ
Үстүбүздөгү жылдын 24-декабрында К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ, Манас шаары) жыйындар залында профессор-окутуучулар курамынын жана кызматкерлеринин балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамы өткөрүлдү. Балаты майрамын ЭАУнун Маданий-эстетикалык борбору, директору Муктар Гайымов, жана Жаштар иштери боюнча комитет, төрагасы Тагайбек Сүйүнбаев, уюштурушту. Жаңы жылдык балаты майрамында Аяз Ата, Аяз Кыз, жомоктордун бир катар каармандары балдар үчүн шаңдуу саханалаштырууларды, ыр-бийлерди тартуулашып, кызыктуу оюндарды уюштурушту. Залдын ортосундагы кооз балаты майрамдын көркүн ачты. Жаңы жылдык балаты майрамы жылдагыдай сонун, кызыктуу болду. Жаңы жылдык балаты майрамынын соңунда университеттин ректору, э.и.д., проф. Айжамал Кантөрөевна уюштуруучуларга шаңдуу жана кызыктуу оюн-зоокторду уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Тарбия иштери боюнча проректор, фил.и.к., ЭАУ проф. Анвар Жолдошбаевдин айтуусунда кызматкерлердин балдары үчүн жаңы жылдык балаты майрамын уюштуруу К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин 1993-жылдан бери уланып келе жаткан мыкты салттарынын бири.
ЭАУнун Кесиптик багыт берүү & коомчулук менен байланыштар кызматы

















